Аллах Таала кечирбей турган бир гана чоң күнөө бар – ал ширк кылуу. Аллах Таала айтты:

إِنَّ اللَّهَ لَا يَغْفِرُ أَن يُشْرَكَ بِهِ

«Чындыгында, Аллах Өзүнө ширк кылынышын кечирбейт». (Ниса сүрөөсү: 48-аят)

Бирок ким ширкти таштап, Аллахка чындап тообо кылса, анда Ал анын тообосун кабыл кылат жана кылган ширктерин кечирет.                                                                                                                      

Ширк – бул адамдын Аллахтан башкага сыйынуусу. Анын сыйынган нерсеси кандай гана нерсе болбосун, ал ширк болуп эсептелинет. Мисалы, Аллахка жакын периште болобу же пайгамбар болобу, Аллахтын сүйүктүү пендеси болобу, аалым болобу, олуя адам болобу, атактуу башчы болобу, тоо-таш болобу, бак-дарак болобу, күн же ай болобу, алтын-күмүш болобу, же адамдын нафсиси болобу, мына ушул нерселерге Аллах менен катар сыйынган болсо, анда ширк кылды. Ошондой эле ким адамдын кудурети жетпеген нерсени Аллахтан башкадан сураса же Аллахтан башкадан жардам тилеп, андан муктаждыгын өтөөсүн суранса жана ошол нерсе ага пайда же зыян берет деп терең ишенсе же оорулуну айыктырат же жоголгонду таап берет же кыйналган адамга жардам берет деген ишенимде кылган болсо, анда Аллахка ширк кылган болот. Бирок адамдын колунан келген иште андан жардам сураганы ширкке кирбейт. Аллах Ыйык Куранда мындай деп айткан:

"قُلِ ادْعُوا الَّذِينَ زَعَمْتُم مِّن دُونِ اللَّهِ ۖ لَا يَمْلِكُونَ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ وَمَا لَهُمْ فِيهِمَا مِن شِرْكٍ وَمَا لَهُ مِنْهُم مِّن ظَهِيرٍ  وَلَا تَنفَعُ الشَّفَاعَةُ عِندَهُ إِلَّا لِمَنْ أَذِنَ لَهُ"

«(Оо, Мухаммад! Мушриктерге) айткын: «Аллахтан башка өзүңөр (кудай деп) ойлогон нерселерди чакыргылачы! Алар асмандардагы жана жердеги кыпындай нерсеге да ээлик кылышпайт. Алар үчүн асмандар менен жерде эч кандай шериктик да жок жана алардын жардамчылары да жок! Аллах уруксат берген адамдарга гана шапаат пайда берет». (Саба сүрөөсү: 22-23-аят) 

Бул аяттан белгилүү болгондой, мушриктердин кылган шериктери аларга эч качан жардам бере алышпайт. Алар ал нерселерди “Аллахтын алдында шапаат кылат” деп ишенеби же “Аллахка жакындатат” деп ишенеби, баары бир аларга пайда бербе алышпайт. Мына ушуну мушриктер далил кылып айтышкан.

مَا نَعْبُدُهُمْ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَا إِلَى اللَّهِ زُلْفَىٰ

«Биз аларга бизди Аллахка гана жакындатуулары үчүн гана (кудайчаларга) ибадат кылабыз (дешет)»   (Зумар сүрөөсү: 3-аят)

Аллах Таала башка аятта мындай деген:

وَيَعْبُدُونَ مِن دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَضُرُّهُمْ وَلَا يَنفَعُهُمْ وَيَقُولُونَ هَٰؤُلَاءِ شُفَعَاؤُنَا عِندَ اللَّهِ ۚ

«(Мушриктер) Аллахтан башка пайда да, зыян да бере албай турган нерселерге сыйынып: “Ушулар Аллахтын алдындагы бизге шапаат кыла тургандар” – дешет». (Юнус сүрөөсү: 18-аят)

Макаланын автору: Сыдыгалиев Бакыт